КЫЗМАТ АДАМЫ – мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында такай же убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча, бийлик өкүлүнүн милдетин ишке ашыруучу, же болбосо уюштуруу-тейлөө-тескөө, административдик-чарбачылык ишмилдетин аткаруучу адам.
КЫЗМАТ АДАМЫНЫН ЫЙГАРЫМ УКУГУН ЭНЧИЛЕП АЛУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган мамлекеттик бийликке, мамлекеттик кызмат кызыкчылыгына каршы багытталган кылмыш; мамлекеттик наамды же кызмат адамынын бийлигин өзалдынча ээлеп алуу менен жасалган кандайдыр бир коомчулукка коркунуч келтире турган иш-аракет.